Бишкек шаарынын аймагында мыйзамсыз жүргөн 42 чет өлкөлүк жаран аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Атайын кызматтын маалыматына ылайык, 35 бангладештик, 7 пакинстандык жарандын визасынын жарактуу мөөнөтү өтүп кеткен.
"Тартип бузгандарды тиешелүү административдик жоопкерчиликке тартуу жана кийин өлкөдөн депортациялоо үчүн Кыргызстандын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын аймактык бөлүмдөрүнө өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.