Петропавловкада көчөдө адамдын жансыз денеси табылган. Милиция аял кишини кармады

Жайыл районунда адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Милициянын маалыматына ылайык, 29-август күнү саат 20:26 чамасында Жайыл РИИБине Петропавловка айылындагы даректердин биринде 45-50 жаштардагы киши денесиндеги жаракаттары менен жолдун жээгинде жаткандыгы боюнча билдирүү келип түшкөн.
Бул билдирүү Жайыл РИИБинин маалыматтардын электрондук журналына катталып, ыкчам тергөө тобу дароо жөнөп кеткен.
Териштирүү иштеринин жүрүшүндө 45-50 жаштардагы азиат улутундагы жарандын киши колдуу болгондугу аныкталып, маркум 1960-жылы туулган К.Б. аттуу Суусамыр айылынын тургуну экендиги такталган.
Бул факт боюнча кылмыш ишин козгогон.
Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, жогорудагы кылмышка шектелип 1968-жылы туулган Л.Р. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Учурда бул кылмыш иши боюнча керектүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан