Ошто мал уурдап, сатып жиберген деген шек менен эки жаран кармалды

Ош облусунун Кара-Суу районунда мал уурулукка шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-июлда милицияга Отуз-Адыр айыл аймагынын 1969-жылы туулган А.М. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал үйүнүн жанына байлап койгон бир баш малды белгисиз адамдар уурдап кеткенин билдирген.

Ушундай эле арыз менен Кара-Суу районунун 1965-жылы туулган З.И. аттуу тургуну кайрылып, 10-августта таң эрте белгисиз адамдар бир баш малды талаада аркандалып турган жеринен уурдап кеткенин айткан.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Мал уурдоо" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, Өзгөн районунун 42 жаштагы Д.А. аттуу тургуну жана 33 жаштагы Ж. уулу Э. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кармалгандар уурдалган малдарды башка аймактын базарына алып барып сатып жибергени маалым болду.

Учурда уурдалган малдарды ээлерине кайтаруу жана шектүүлөрдүн башка кылмыштарга тиешеси бардыгын аныктоо боюнча ыкчам издөө иш-чаралары жүрүп жатканы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан