Бүгүн, 30-августта Бишкек ШИИББинин имаратынын алдында Эгемендүүлүк күнүнө карата коомдук тартипти камсыздоого тартылган өздүк курамдын гарнизондук саптык кароосу болуп өттү. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлады.
Маалымдалгандай, Бишкек гарнизонунун кызматкерлери 30-августтан 2-сентябрга чейин күчөтүлгөн тартипке өтүшөт. Ага 4 миңден ашык милиция кызматкерлери тартылып, борбор калаадагы массалык майрамдар өтүүчү жайларда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздашат.
Бишкек ШИИББинин башчысы Азамат Токтоналиев кызматкерлердин формалык кийимдерин, унаа жана жабдыктарын текшерди. Ошондой эле кызматтык милдеттерин аткарууда кесипкөйлүгү менен айырмаланган кызматкерлерге сыйлыктарды тапшырды.
Ал эми 2-сентябрда жаңы окуу жылынын башталышына карата, мектептерде салтанаттуу иш-чаралар жана класстык сааттар өтөт, анда коомдук тартипти сактоого 1000ден ашык тартип сакчылары тартылат.
"Урматтуу шаар тургундары жана коноктор, Эгемендүүлүк күнүнө карата салтанаттуу иш-чарада Орусиянын эстрада жылдыздарынын катышуусунда чоң концерт болмокчу. Коомдук тартиптин нормаларын сактоону суранабыз. Ошондой эле мас абалындагы жарандар аянттын аймагына кирүүсүнө, спирт ичимдиктерин жана тыюу салынган буюмдарды алып кирүүгө болбойт экендигин эскертебиз!" - деп айтылат билдирүүдө.