Чоң Чүй каналында изделип жаткан 15 жаштагы баланын сөөгү табылды

Бүгүн, 30-августта Чоң Чүй каналынан 15 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиргендей, баланы издөөгө бүгүн жалпы 10 куткаруучу 2 кайык менен чыгышкан.

Жарандар аталган каналда белгисиз адамдын сөөгү агып баратканын көрүп, куткаруучуларга маалымат берген. Куткаруучулар өспүрүмдүн сөөгүн чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Эске салсак, 23-августта Көк-Жар айылынан 15 жаштагы бала сууга агып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Аталган жаранды издөө министр Бообек Ажикеевдин жеке көзөмөлүндө жүргүзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан