Эртең, 31-августта өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан маалыматында көрсөтүлөт.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +12 ... +17, күндүз +27 ... +32,
Талас жергесинде түнкүсүн +7 ... +12, күндүз +24 ... +29,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +16 ... +18, күндүз +31 ... +33,
Ысык-Көлдө түнкүсүн +11 ... +13, күндүз ... +27 ... +29,
Нарын дубанында түнкүсүн +8 ... +10, күндүз +25 ... +27,
Бишкек шаарында күн ачык болот. Абанын табы түнкүсүн +15 ... +17, күндүз +29 ... +31 градус болот.