Кыргыз жарандары үчүн Макаого виза алуу жеңилдетили. Бул туурасында Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Ага ылайык, жарандар Макаого келгенден кийин визаны төмөнкү пункттардан алса болот:
- Border Gate чек ара текшерүү пункту;
- Qingmao чек ара текшерүү пункту;
- Чжухай-Макао чектеш аймагынын өнөр жай зонасындагы текшерүү пункту;
- Гонконг-Чжухай-Макао көпүрөсүндөгү текшерүү пункту;
- Хэнцинь порт зонасындагы Макао портундагы текшерүү пункту;
- Outer Harbour Ferry Terminal nортундагы текшерүү пункту;
- Taipa Ferry Terminal портундагы текшерүү пункту;
- Inner Harbour Ferry Terminal портунда жана яхта терминалындагы текшерүү пункту;
- Аэропорттогу текшерүү пункту.
Ал эми Макаого кирүү үчүн чет элдик жарандар төмөнкү талаптарды аткарышы зарыл:
- паспорттун жарактуулук мөөнөтү кеминде 6 ай болушу;
- Кытай Эл Республикасында жана Гонконг атайын административдик районунда жашагандыгын тастыктаган документ жок болгон учурда Макаодон учуп кетүү билети болушу;
- Макаодо болуу үчүн жетиштүү каржылык каражаттардын болушу керек.
Мындай шарттар кыргызстандыктарга Кытайдын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө барбастан, жеңилдетилген тартипте виза алууга мүмкүнчүлүк берет.