Ош шаарында У.Салиева атындагы атайын адистештирилген лицейдин директору пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК бүгүн, 30-августта билдирди.
Атайын кызматтын билдирүүсүндө шектүү аталган окуу жайга студентти кабыл алуу үчүн ири өлчөмдө пара талап кылганы айтылат.
"Атайын иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө өзүнүн иш бөлмөсүндө пара алып жаткан жеринен аталган лицейдин директору У.Ж.И. кармалып, УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди" деп жазылат маалыматта.
Учурда жогорудагы коррупциялык схемага тиешеси бар башка адамдарга карата далилдерди чогултуу жана документтештирүү боюнча иш-чаралары уланып жатканы кабарланды.