"Үйүнө кирип келип...". Бишкекте бейтааныш кызды зордуктоого аракет кылган жаран кармалды

Бишкекте бейтааныш кыздын үйүнө кирип, зордуктоого аракет кылган деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта Ленин РИИБинен билдирди.

Ага ылайык, 28-августта болжол менен саат 21:54 чамасында милицияга калаадагы ТЭЦ-2 районунда жайгашкан үйлөрдүн биринде кыз зордуктоого аракет болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.

Аталган факт боюнча тергөөгө чейинки иштер башталган. Кийинчерээк милицияга 23 жаштагы кыз кайрылып, үйүнө 30 жаштардагы азиат улутундагы жаран кирип келип, күч колдонуп кийимин чечип, зордуктоого аракет кылып жаткан учурда, андан качып чыгып үйүнүн жанындагы дүкөнгө барып жардам сурагандыгын билдирген.

Кол салган кишинин өздүгү такталып, 1994-жылы туулган К.М. аттуу жаран кармалган. Аталган окуя боюнча тараптар суракка алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Шектүүгө Кылмыш-жаза кодексинин 37-154-беренеси (Зордуктоого аракет кылуу) менен кылмыш иши козголуп, 29-августта убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан