31-август Эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкек шаарынын айрым көчөлөрү жабылганына байланыштуу №8 троллейбустун кыймылы убактылуу токтотулат. Бул боюнча мэрия маалымдады.
Билдирмеге ылайык, 1-сентябрдан тарта №8 каттам кайрадан иштей баштайт.
"Өзгөртүүлөрдү эске алуу менен сапарларыңызды алдын ала пландаштырыңыз" дешти мекемеден.