Бүгүн, 31-августта өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтында мамлекеттик туу көтөрүлдү.
Туу көтөрүү аземине президент Садыр Жапаров катышты.
Ошондой эле ага экс-президент Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары, министрлер, муфтият өкүлдөрү жана коомдук ишмерлер катышты.
Тууну 100 метрлик флагштокко көтөрүү учурунда аскердик оркестрдин коштоосунда мамлекеттик гимн жаңырды