Чүйдүн Жайыл районунда бейбаштык кылганга шектүү өспүрүмдөр кармалды. Бул боюнча облустук милиция кабарлады.
Ага ылайык, 28-августта саат 23:40 чамасында Жайыл РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Кара-Балта шаарынын Кожомбердиев көчөсүндөгү даректердин биринде балдардын мушташып жаткандыгы боюнча маалымат келип түшкөн.
Аталган маалымат Жайыл РИИБдин маалыматтардын электрондук китепчесине катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган. Аталган окуя боюнча 17 жаштагы эки өспүрүм кармалып, райондук милиция бөлүмүнө алып келинген.
Учурда текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.