Бүгүн, 31-августта президент Садыр Жапаров УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге "генерал-полковник" аскердик наамын ыйгарды. Сыйлык тапшыруу аземи "Ынтымак Ордо" президенттик администрациясында өтүп жатат.
Өлкө башчысы аземде Ташиевдин чек араны бекемдөө, улуттук коопсуздукту камсыздоо жана коррупция менен күрөшүүдөгү эмгегин белгилеп өттү.
Белгилей кетсек, бүгүн өлкөдө Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Эгемендүүлүк күнүнө арналган иш-чаралар өтүп жатат.