Бүгүн, 31-августта Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда кыргыз-казак төкмө акындарынын айтышы өтүп жатат.
Иш-чара алгач акын Амантай Кутманалиевдин саламдашуусу менен башталды.
Алып баруучулук тизгинди Мирлан Самыйкожо алды.
Калыстар тобун Түгөлбай Казаков, Абдылдажан Акматалиев, Сулайман Кайыпов, Саламат Садыкова, Амантай Кутманалиев, Рыспай Исаков жана Замир Баялиев түзөт.
Айтыштын байге фонду 3 миллион сом деп белгиленген.
Кечээ, 30-август күнү XVII Эл аралык айтыштын биринчи жарым финалы жыйынтыкталган.
Эске салсак, 12-августта төкмө акындардын эл аралык айтышынын тандоо туру болуп өткөн. Ага жалпысынан 32 акын катышып, алардын ичинен 10 акын аталган айтышка жолдомо алган.