"Ала-Тоо" аянтындагы иш-чарага 80 миңден ашык жаран барды

Кечээ, 31-августта Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтындагы иш-чарада 502 бала адашып кетип, убагында ата-энелерине кайтарылды. Бул тууралуу калаа милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, аянттагы иш-чарага 80 миңден ашык жаран келген. Анда 502 бала элдин арасында адашып жоголгон, бирок милиция кызматкерлери балдарды ата-энелерине жана жакындарына аман-эсен кайтарып беришти.

"Эгемендүүлүк күнү өзгөчө окуяларсыз өттү. Ал эми коомдук тартипти жана жалпыга тиешелүү жүрүм-турум ченемдерин бузган жарандарга карата административдик чаралар көрүлдү" деп билдиришти милициядан.

Белгилей өтсөк, аянтта 5 миңден ашык тартип сакчылары кызмат өтөштү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан