Президенттик администрациянын бошогон имаратына Бишкек шаардык мэриясы көчүрүлөт. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Айтымында, калаа мэриясынын бошогон имаратына президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгү жайгашат.
"Президенттик администрациянын бошогон имаратына мэрия келет. Мэриянын имаратына Чүй облусунун өкүлчүлүгү жайгашат" деди Туманбаев.
Белгилей кетсек, президенттин администрациясы, мининистрлер кабинетинин өкүлдөрү "Ынтымак-Ордого" 10-сентябрга чейин толук көчүп келери маалымдалган.
"Ынтымак Ордо" президенттик администрациясынын жаңы имаратынын ачылышы 30-августта болду.