Чукул билдирүү: Бишкекте жана Чүйдө катуу шамал күтүлөт

Бүгүн, 1-сентябрда Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал күтүлөт. Бул боюнча ӨКМ маалымат таратты.

Ага ылайык, 1 саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, катуу шамал болушу мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

"Катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болуп, электр чубалгыларынан, дарактардын жанынан алыс болуңуздар. Кандайдыр бир кырдаалдын күбөсү болсоңуз токтоосуз 112 кызматына чалыңыз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан