Бишкекте жаранды бычактаганга шектелип эки адам кармалды. Бул боюнча Ленин райондук милициясы бүгүн, 1-сентябрда билдирди.
Ага ылайык, 29-августта милицияга медициналык мекемеден М.А. аттуу жаран бычактан алган жаракаты менен түшкөндүгү кабарланган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Денеге оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү делип 44 жаштагы К.Ч. жана 37 жаштагы К.И. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.