Чүйдө беш унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды (видео)

Бишкек-Нарын -Торугарт унаа жолунун 50-чакырымында беш унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча, кырсыгы бүгүн саат 16:30 чамасында катталган. Каза болгондор жана жаракат алгандар бар экендиги айтылды.

"Алдын ала маалымат боюнча Субару үлгүсүндөгү унаанын дөңгөлөгү жарылып кеткен, анан карама-каршы тилкеге чыгып, кырсык болгон" деп билдиришти мекемеден.

Азыркы учурда жеринде ЖКККББнын жетекчилиги жана жоопту кызматкерлер иш алып барууда.

видео: Штраф.кж

01.09.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан