Бишкектеги "Батуми", “Шашлычная №1" кафелеринин ордуна салынган "МУУН" сейил багынын ачылыш аземи бүгүн, 1-сентябрда өттү. Ага мамлекеттик курулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаев, шаар мэри Айбек Жунушалиев катышты.
Агенттиктин маалыматына ылайык, сейил бактын жалпы аянты 4 гектарды түзөт. Анда балдар аянтчасы, машыгуу бөлүгү жана энелер бөлмөсү бар. Сейил бак кыргыз каллоритинде жасалган.
Мекеме аталган сейил бак Жал кичи районунда жайгашканын белгиледи.
Эске салсак, Нурдан Орунтаев Бишкек мэринин орун басары болуп турган убакта "Батуми" кафесин мыйзамсыз курулган деген негиз менен буздурган. Бул өз кезегинде чуу жараткан маселе болуп, УКМК тарабынан ишти иликтөөлөр
башталган болчу.