Бишкектин башкы стадионунда мындан ары күн сайын эртең менен каалоочулар үчүн таңкы көнүгүү өтүп турмакчы. Бул тууралуу 26-декабрда Дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат катчысы Нурдин Султамбаев билдирди.
Анын айтымында, саат 6:30дан 9га чейин атайын инструктордун башкаруусунда көнүгүү өтөт. Ага бардык каалоочулар катыша алат. Болгону, жанына спорттук бут кийимин ала келиши зарыл. Акциянын максаты - шаар тургундуран сергек жашоого көндүрүү.
Белгилей кетсек, бул иш-чараны атактуу спортчулар да колдоп, катышышууда.