Жалпысынан өлкө боюнча 25 мектеп жана 13 бала бакча ачылды. Алардын аймактар боюнча тизмесин Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы жарыялады.
Маалымдалгандай, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата пайдаланууга берилүүчү 100 объектинин алкагында колдонууга тапшырылды.
Алардын аймактар боюнча тизмеси:
• Ысык-Көл облусунда – 3 мектеп, 4 бала бакча;
• Талас облусунда – 1 мектеп, 1 бала бакча;
• Ош облусу – 4 мектеп, 1 бала бакча;
• Жалал-Абад облусу – 6 мектеп, 3 спорт комплекс, 7 бала бакча;
• Чүй облусунда – 1 мектеп, 1 мектептин кошумча имараты;
• Нарын облусу – 3 мектеп;
• Бишкек шаарында – 1 мектептин кошумча имараты;
• Баткен облусунда – 2 мектеп.