Биз социалдык тармакта

Бишкекте курулуш материалдарын саткан контейнер материалдары менен кошо өрттөнүп кетти (фото)

Бишкек шаарынын Тоголок Молдо көчөсүндө жайгашкан эшик жана курулуш материалдарын саткан контейнерден чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 2-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, ӨКМге өрт чыкканы тууралуу маалымат 1-сентябрь күнү саат 21:30дар чамасында түшкөн. Көрүлгөн аракеттердин натыйжасында тилсиз жоо 2-сентябрга караган түнү саат 00:14тө толук өчүрүлгөн.

"Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 күжүрмөн эсеп, 1 суу ташуучу унаа жана штаб тартылды. Тилсиз жоонун жалпы аянты болжол менен 300 чарчы метрди түзөт", - деп айтылат маалыматта.

Министрлик өрттүн кесепетинен жабыркагандар жок экенин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан