Бүгүн, 2-сентябрда жаңы окуу жылынына республика боюнча 1-класска 150 миңге жакын окуучу барды. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, 30-августка чейин анык жашаган жери боюнча мектеп жашына жеткен балдарды (6-7 жаш) онлайн каттоо жүргөн.
Белгилүү болгондой, биринчи сабак 1-4-класстарга “Билим – бул күч” темасында, 5-11-класстын окуучуларына “Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар” темасында өтүлүүдө.
Республика боюнча 2173 мамлекеттик, 204 жеке менчик мектеп бар. Анда 1,5 миллионго жакын окуучу билим алып, 90 миңден ашуун мугалим эмгектенет.
2024-жылы 431 мектеп капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, 27 жаңы мектеп курулду.
Белгилей кетсек, быйыл 1-сентябрь дем алыш күнгө туура келгендиктен, жаңы окуу жылы 2-сентябрдан башталды.