Өкмөт башчы Акылбек Жапаров менен “Евразия” автономдуу коммерциялык эмес уюму алыска аймактардагы мектептерге 50 автобустун ачкычын тапшырат. Иш-чара бүгүн, 2-сентябрда Т. Усубалиев атындагы аянтта болот. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.
"Министрлер кабинети менен “Евразия” автономдуу коммерциялык эмес уюмунун ортосунда Евразия мейкиндигинде салттуу баалуулуктарды сактоо жана бекемдөө боюнча өз ара аракеттенүү жөнүндө келишимге кол коюу аземи пландаштырылган.
Келишимдин алкагында аталган уюм мамлекетке заманбап коопсуздук стандарттарына ылайык жабдылган 50 мектеп автобусун өткөрүп берет", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле аталган автобустар менен алыскы райондордогу балдар мектепке ыңгайлуу шартта жете турганы кошумчаланды.