Биз социалдык тармакта

Ошто Honda Fit унаасы кырсыкка кабылып, 21 жаштагы кыз каза болду

Ош шаарында Honda Fit үлгүсүндөгү унаа кырсыкка кабылып 21 жаштагы кыз каза болду. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 2-сентябрда шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынан тастыктады.

Кырсык 31-августтан 1-сентябрга караган түнү болгон. Анда Масалиев көчөсү менен бара жаткан автокөлүк жол четиндеги бетонду сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен оор жаракат алган 3 жарандын бири ооруканага жетпей каза болгон.

Башкармалыктан учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, текшерүү иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан