Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Жергез айылындагы О.Элебесов атындагы 150 орундуу мектеп пайдаланууга берилди. Бул тууралуу бүгүн, 2-сентябрда Мамлекеттик курулуштан билдиришти.
Ага ылайык, долбоор боюнча эки кабаттуу окуу корпус, спорт зал, ашкана, өтмө галерея, актовый залы менен курулду.
Ал эми объекттин жалпы аянты 1280 чарчы метрди түзөт. Окуу жылдын башталышына карата окуучулар жаңы мектепте билим алышат.
Белгилей кетсек, мектептин курулушу 2021-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган.