Бишкекте коомдук жайларда тамеки чегүүгө тыюу салынат

Бишкекте тамеки чегүүгө каршы күрөшүүнүн алкагында Свердлов акимиаты коомдук жайларга "Тамеки чегүүгө тыюу салынат" белгилерин орнотуу боюнча акция өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 2-сентябрда муниципалитеттен билдиришти.

Акциянын жүрүшүндө бюджеттик мекемелерде, билим берүү уюмдарында, кире бериштерде, лифттерде, тепкичтерде, коомдук транспорттун аялдамаларында, имараттардын кире беришинде, эл көп чогулган жерлерде 300 белги орнотулду.

Белгилеп кетсек, акция борбор калаада дени сак жана ыңгайлуу жашоо чөйрөсүн түзүү үчүн маанилүү кадам болот.

"Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Коомдук жайларда тамеки тартууга тыюу салынарын эскертебиз", - деп эскертишти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан