Төө-Ашууда жаан аралаш кар жаап жатат. Унаа үчүн каттам ачык

Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында туман каптап, жаан аралаш кар жаап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 2-сентябрда Транспорт министрлигинен билдиришти.

Ага ылайык, ашуулар менен жолдордо унаа кыймылына чектөө жок, каттам бар.

"Жол тейлөө ишканалары өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп, жаралган кырдаалга ыкчам аракет көрүү даярдыгында турат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан