Бишкекте №64 муниципалдык автобус каттамга чыкты

Кечээ, 1-сентябрдан тарта Бишкекте №64 жаңы муниципалдык автобус каттамы жүрүп баштады. Бул тууралуу бүгүн, 2-сентябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, автобустун акыркы аялдамалары Ынтымак конушунда жана Маевка айылында жайгашкан. Каттамда 20 автобус иштеп, аралыгы 7-10 мүнөттү түзөт.

"Ошондой эле шаардын коомдук транспорт тармагын оптималдаштыруунун алкагында №145 муниципалдык автобус каттамынын кыймыл чиймеси жарым-жартылай өзгөртүлдү", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан