"Күн ачык болот". Эртеңки күнгө карата аба ырайы 

Эртең, 3-сентябрь түнкүсүн өлкөнүн айрым аймактарында жамгыр жаайт. Ага ылайык түнү Ысык-Көл облусунун көпчүлүк жерлеринде, Нарын облусунун айрым райондорунда, Ош облусунун тоолуу аймактарында жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ал эми калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору маалымдады.

Түндүк-батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, түнкүсүн Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +6…+11, күндүз +22…+27,

Таласта түнкүсүн +4…+9, күндүз +19…+24,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +26…+31,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +17…+22,

Нарын жергесинде түнкүсүн +1…+6, күндүз +18…+23.

Бишкек шаарында түнкүсүн +9…+11, күндүз +25…+27 градус жылуу болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан