Бишкекте билим берүүгө арналган жаңы мурал пайда болду

Бүгүн, 2-сентябрда Бишкек шаарындагы №21 орто мектептин дубалында тартылган жаңы мурал ачылды. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, мурал «Окуу керемет!» долбоорунун алкагында АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID), министрлик менен биргеликте тартырган.
"Иш-чара билим күнүнө арналган. Бул дубал сүрөтү коомчулуктун көңүлүн жаш мектеп окуучуларынын окуу сабаттуулугун арттырууга жана китеп окууга, китепке болгон кызыгуусун өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө буруу максатында пайда болду. «Окуу керемет!» долбоору башталгыч класстарда окуган 450 миң окуучунун математика жана окуу боюнча жетишкендиктерин жогорулатууга багытталган. Республика боюнча 1679 мектепте ишке ашырылууда", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан