Көк-Жар айылында жаңы балдар бакчасы ачылды          

Бишкектин Көк-Жар айылында №57 жаңы балдар бакчасы ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 2-сентябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Буга чейин бала бакчаларда 140 бала кабыл алынса, эми алардын саны 280 жетти.

"Эки кабаттан турган имаратта кийинүүчү, оюн ойноочу, медициналык бөлмө, ашкана, тамак аштарды сактоочу жай, машыгуу залы, атайын музыкалык бөлмө, ошондой эле техникалык жабдууларды жана башка буюмдарды сактоочу жай каралган", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Октябрь районунда 42 муниципалдык мектепке чейинки билим берүү мекемеси бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан