Бишкектеги медициналык жайлар, дарыканалар тарабынан медициналык каражаттардын калдыгын таштанды таштоочу урнага таштаган фактылар аныкталып келет. Бул тууралуу бүгүн, 2-сентябрда Муниципалдык инспекциядан билдиришти.
Ага байланыштуу Муниципалдык инспекция буга чейин дагы бир катар фактыларды аныктап, эреже бузгандарга чара көргөн.
"Бишкектин 5-кичи районунда жайгашкан "Бидмед Фарм" аталышындагы дарыкана тарабынан медицина калдыктары атайын пакеттерге салынып таштанды таштоочу контейнердик аянтчага ташталганы аныкталды", - деп айтылат маалыматта.
Инспекторлор эреже бузууну жеринде аныктап, аталган дарыканага "Укук бузуулар жөнүндө" кодексине ылайык 17 миң сом айып салышты.