Бишкекте көп функционалдуу спорт аянтчасынын салтанаттуу ачылышы өттү. Бул тууралуу бүгүн, 2-сентябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалымдалгандай, көп функционалдуу спорт аянтчасы 12-кичи районундагы №71 мектептин аймагында жайгашкан.
Белгилей кетсек, бул жаңы аянтча баскетбол, футбол, кичи-футбол, волейбол оюндарын өткөрүү, воркаут менен машыгуу жана ар кандай спорттук мелдештерди уюштуруу үчүн ылайыкталган.