Баш прокуратуранын кызматкери пара алганы үчүн кармалды

26-декабрда, саат 18:00дөр чамасында Баш прокуратуранын эл аралык бөлүмүнүн прокурору пара алгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ИИМдин уюшкан кылмыштуулук боюнча башкы башкармалыгына бир жаран кайрылып, Баш прокуратуранын кызматкери жакын тууганын экстрадиция кылуу үчүн 600 доллар сурап жатканын айткан. Арыздануучунун сөзү боюнча, прокурор андан Орусияда 10 жылга кесилген тууганын Кыргызстанга экстрадиция кылуу үчүн 3 миң доллар сураган. Буга чейин да мезгил-мезгили менен андан 500 доллар, андан кийин да 100 миң сомдон ашык акча сураган. Кайра-кайра акча сурай бергенинен укук коргоо органдарына кайрылууга аргасыз болгонун айткан.
Бул факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренеси (пара өндүрүү) жана 304-беренеси (кызмат абалынан кыянат пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголду. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aziz2000
2013-12-27 09:48:14
"оппа кыргыз стайл" болуптур да.
0
aigul85
2013-12-27 11:20:36
Жаңы бийликтин ишинин жыйынтыгы жакшы болууда. Паракорчулукка каршы күрөшүү жакшы жүрүп жатат.
0
Baktygyl
2013-12-28 19:34:18
Силер жазып олтурганда алган парасын бироолорго бери кайра чыгып кеткен... дешет) ))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан