Орусияда кароосуз калган дагы эки ымыркай мекенине кайтарылды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Санкт-Петербург шаарынан ата-энесинин камкордугусуз калган 3 жана 6 айлык эки баланы мекенге кайтарды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Министрликтин маалыматы боюнча, акыркы үч жылда кароосуз калган 38 жашы жете элек кыргызстандык мекенине кайтарылды.

“Бардык кайтарылган балдар үчүн Министрлик биологиялык үй-бүлөлөрү менен бириктирүү жана баланын абалын, анын ичинде социалдык, медициналык, психологиялык жана укуктук колдоо маселелерин комплекстүү баалоо боюнча иштерди жүргүзөт”, - деп айтылат маалыматта

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан