Бүгүн, 3-сентябрь саат 04:49да Ош облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту кабарлады.
Андагы маалыматка караганда, жер титирөөнүн очогу Кара-Киндик айылынан түштүк-батышка карай 6 чакырым, Сары-Таш айылынан түштүк-чыгышка карай 19 чакырым аралыкта жайгашкан.
Жер титирөө калктуу пунктарда: Кара-Киндик айылында 3 баллга жакын, ал эми Сары-Таш айылында 2,5 баллга чейин сезилген.