Акылбек Жапаров өкмөттүн мурунку имаратын эки министрликке тапшырды (видео) 

Бүгүн, 3-августта министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Абдумомунов, 207 дареги боюнча жайгашкан Президенттик администрациянын мурдагы административдик имаратын Тышкы иштер министрлигине жана Экономика жана коммерция министрлигине өткөрүп берди. Бул туурасында Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Акылбек Жапаров эки министр Жээнбек Кулубаев менен Данияр Амангелдиевге жолугуп, ак батасын берип, ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, Президенттин администрациясы, Министрлер кабинетинин өкүлдөрү "Ынтымак Ордого" 10-сентябрга чейин толук көчүп келери маалымдалган. "Ынтымак Ордо" президенттик администрациясынын жаңы имаратынын ачылышы 30-августта болду.

Буга чейин президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев Президенттик администрациянын бошогон имаратына Бишкек шаардык мэриясы көчүрүлөрүн айткан.

03.09.2024
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан