Бишкектин бир катар аймактарында 5-6-сентябрь күндөрү жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Бишкекгаз" кабарлады.
"Жаратылыш газын өчүрүү жер астындагы төмөн басымдагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу болот", - деп билдирди мекеме.
Жаратылыш газы өчүрүлө турган көчөлөр:
Профсоюзная көчөсү; П.Лумумба көчөсү; Кубаныч көчөсү; Кайназарова көчөсү; Дэн Сяопин көчөсү; Месарош көчөсү жана Ильменский көчөсү.
"Бишкекгаз" мекемеси абоненттерге жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.