Мамлекеттик камсыздандыруу уюму аймактарга полистерди тариздөө пункттарын ачат

Кыргызстан боюнча камсыздандыруу полистерин тариздөөнүн пункттары ачылат. Бул туурасында Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун маркетинг бөлүмүнүн адистери SUPER.KG порталына билдирди.

Маалымдалгандай, жарандар мындан ары Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография, Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктердин бардык филиалдарына кайрыла алышат.

"Жарандар бардык бүтүмдөрдү тариздөөдө ошол жердин өзүндө эле керектүү камсыздандыруу полистерин тариздей алышат. Бул кадам камсыздандыруунун ыңгайлуу жана жеткиликтүү болушун жогорулатууга, ошондой эле каттоо процессин тездетүүгө багытталган", - деп белгиленген маалыматта.

Ошондой эле турак жайларды сатып алгандар да, мурунку ээлери да төлөм жүргүзө алышат.

"Турак үй же батир үчүн камсыздандыруу полисин тариздөөдө тараптардын кимиси болсо да төлөм жүргүзө алышарынын маанилүү экендигин белгилейбиз. Ага карабастан камсыздандыруу полисине сатуу учурунда ээлик кылган адамдын аты көрсөтүлөт, сиз уюмга мүлктү сатуу-сатып алуу келишимин көрсөтөсүз. Биздин уюм бардык учурда, эгерде камсыздандыруу болгон болсо, турак жай ээсине төлөм төлөп берет. Камсыздандыруу полиси тариздөө учурунан тартып бир жыл бою күчүндө болот жана айыл жергеси үчүн 600 сом, шаар жергеси үчүн 1200 сом турат", - деп айтылган.

Мындан тышкары автотранспорттук жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу полисин (ОСАГО) тариздөөдөгү мүмкүнчүлүктөр да белгиленген.

"ОСАГО полисин тариздөөдө жарандар төрт жа андан көп адамга чейин унааны башкарууга уруксат берилгендигинин санын көрсөтүшөт. Полисти беш күндөн бир жылга чейинки мөөнөткө ала алат. Базалык тариф 1680 сом, ал коэффициентке байланыштуу өзгөрүшү мүмкүн (машинанын көлөмүнө жана түрүнө, айдоочунун жашына жана стажына, адамдардын башкарууга уруксатынын чектелгендигинин болушуна, диагностикалык картанын болушуна, камсыздандыруунун мөөнөтүнө). 1-сентябрдан баштап Мамлекеттик агенттиктердин филиалдарындагы бардык камсыздандыруу пункттарынын даректери 2GIS карталарында, ошондой эле Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун расмий сайтында (gso.kg) жайгаштырылган", - деп кошумчаланган билдирүүдө.

Камсыздандыруу – бул өлкөнүн ар бир жараны үчүн финансылык коргоого жана туруктуулукка карата жасалган маанилүү кадам. Камсыздандыруу полисинин болушу кырсыктар, өрттөр же табигый кыйроолор сыяктуу күтүлбөгөн жагдайлар болгон учурда мүлктү мыйзамдуу ээлөөнү гана камсыз кылбастан, коргоону дагы камсыздайт. Кыймылсыз мүлктү жана унаа каражаттарын каттоодо милдеттүү камсыздандырууну киргизүү – бул бүткүл өлкө үчүн жасалган маанилүү кадам, ал Кыргызстандын жашоочулары үчүн бир кыйла коопсуз жана туруктуу чөйрөнү түзүүгө жардам берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан