Ысык-Көлдө көлгө теплоходдун мотор майы төгүлгөн жерден суунун үлгүлөрү алынды. Бул тууралуу Жаратылыш министрлигинен билдиришти.
Министрликтин маалыматына ылайык, Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылындагы "Алтын-Көл" пансионатында катуу толкундан улам кичи теплоход көлгө чөгүп, көлгө май агып жатат деген маалымат келип түшкөн. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын инспекторлору, мониторинг бөлүмүнүн адистери жана Туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери жеринде иш алып барышкан.
"Катуу шамалдан улам кичи теплоход көлгө чөгүп, мотор отсегине (моторный отсек) суу толуп калган. Мотор отсегиндеги суу атайын машина менен сордурулуп, тазаланды. Жеринен анализдер алынды жана анализдин жыйынтыгы менен кичи теплоходдун ээлерине мыйзам чегинде чара көрүлөт", - деп билдиришти министрликтен.