Өлкөдө 1-сентябрдан тарта медицина кызматкерлери жогорулатылган акы менен айлык алат

1-сентябрдан тарта дарыгерлер персоналынын кызматтык маяналары 50 пайызга чейин, орто медициналык персоналдын маяналары 20 пайызга чейин, кенже тейлөөчү персоналдын, ошондой эле "Тез жардам" кызматынын айдоочуларына кызматтык маяналары 10 пайызга чейин жогорулады.

Медицина кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу боюнча жарлыкка президент Садыр Жапаров 1-июлда кол койгон.

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев басылмалардын бирине берген маегинде айлыктарды жогорулатуунун экинчи этабы болуп жаткандыгын билдирген.

Белгилей кетсек, 1-июлдан тарта өлкөнүн алыскы аймактарында иштеген бир катар адистерге кошумча компенсациялар киргизилген. Бул "Тез жардам" дарыгерлерине, жалпы хирургдарга, анестезиологдорго жана реаниматологдорго, ошондой эле педиатрлардын айлык акысына кошулуп төлөнгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан