Ысык-Көл районунда селден жабыркаган жарандарга акчалай жардам берилди

Ысык-Көл районунда селден жабыркаган жарандарга акчалай жардам берилди. Бул тууралуу бүгүн, 3-сентябра Муфтияттан билдирди.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл районунун баш имамы Максат Сейталиевдин демилгеси менен Темир, Булан-Сөгөттү жана Корумду айылдарында селден жабыркаган үй-бүлөлөргө акчалай жардам берилди. Демилгени Ысык-Көл районунун имамдары колдоого алып, ар бири материалдык жардам чогултушкан. Жалпы 408 миң сом жыйналып, селден ар кандай жабыр тарткан жарандарга таратылды.

Белгилей кетсек, табият кырсыгы 19-августка караган түнү катуу жааган жамгырдан улам болгон. Селдин кесепетинен Булан-Сөгөттү, Корумду жана Темир айылдарында 100дөн ашуун турак үй жабыркаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан