Бишкектин борбору эки күн катары менен унаа кыймылы үчүн жабылат

Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында музыкалык кечелер уюштурулуп жаткандыгына байланыштуу аянт унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы маалымдады.

Бүгүн, 3-сентябрь жана эртең, 4-сентябрда "Ала-Тоо" нэборбордук аянтында “Күз кайрыктары” – “Күзгү күү” музыкалык кечелери уюштурулууда.

Бул күндөрү Чүй проспектиси, Эркиндик бульварынан баштап Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө, эки күн саат 17:00дөн баштап музыкалык кечелер аяктаганга чейинки убакытта, унаа каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет.

"Урматтуу айдоочулар! Ушул күндөрү убактылуу киргизилген чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды жана алдын ала маршруттарды тандап алууну эскертебиз", - деп билдиришти Милициянын кайгуул кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан