Бүгүн, 3-сентябрда Бишкектеги "Имам Сарахсий" башкы мечитинде кыз-келиндер арасында республикалык Куран жарышы өтүп жатат. Бул тууралуу Муфтияттан кабарлады.
Маалыматка ылайык, анда 7 дубан, 2 шаар боюнча өткөрүлгөн аймактык этаптын 26 жеңүүчүсү ат салышууда. Куран жаттаган кыз-келиндер 30 пара, 20 пара, 10 параны жатка айтуу жана кооз окуу боюнча күч сынашмакчы.
Куран конкурсу 4-сентябрда жыйынтыкталып, аталган мечитте сыйлоо аземи өткөрүлөт.