Экстремизмди жайылткандарга жазаны күчөтүү сунушталууда

Өлкө аймагында экстремизмди жайылтуу үчүн жасалган аракеттерге жазаны күчөтүү сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Ички иштер министрлиги иштеп чыккан мыйзамда экстремисттик материалдарды таратуу жана бийликти күч менен басып алууга жасалган чакырыктар үчүн жоопкерчиликти катаалдатуу каралган. Ошондой эле экстремисттик иш жүргүзүүгө ачык чакырык жасаган жана экстремисттик материалдарды сактаганы үчүн мурда эскертүү алган жарандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу белгиленген.

"Дүйнөнүн бир катар региондорундагы туруксуз кырдаалга байланыштуу экстремисттик идеологияларды жайылткан, мамлекеттердин жана алардын жарандарынын коопсуздугуна коркунуч келтирген, конституциялык түзүлүштүн негизднрине шек келтиргенге чейин деструктивдүү максаттарды көздөгөн экстремисттик уюмдардын ишмердүүлүгү байкалууда", - деп жазылган документтин негиздемесинде.

Сунушталган мыйзам боюнча экстремисттик материалдарды даярдаган, ташыган, жеткирген, сактаган, тараткандар 5 жылдан 7 жылга чейин эркиндигинен ажыратылат. Ушундай эле иштер адамдардын тобу тарабынан же чет өлкөлүк уюмдардын колдоосу менен жүзөгө ашса 7 жылдан 10 жылга чейин камалат.

Ал эми бийликти күч менен басып алууга же кармап турууга жасалган чакырыктар үчүн 3 жылдан 5 жылга чейин эркиндигинен ажыратуу каралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан