Касым-Жомарт Токаев парламентте казак коомчулугуна кайрылуу жасады

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев парламенттин палаталарынын биргелешкен жыйынында Казакстан элине кайрылуу жасады. Ал өлкөдөгү саясий жана социалдык-экономикалык өнүгүүнүн келечегине арналды.

Токаев сөз сүйлөп жатып Казакстанда атомдук электростанция (АЭС) боюнча референдум өтө турган күн 6-октябрь экендигин жарыялады. Анын айтымында, учурда өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан 30 мамлекетте 200гө жакын АЭС иштейт. Ошондой эле бул багыттагы референдум элдин колдоосу менен жасалышы керектигин билдирди.

"Анын өткөрүлүшү тууралуу мен өткөн жылы айткам, башкача айтканда, бул тема бир жылдан бери коомдук талкуунун күн тартибинде турат. Бул жарандардын салмактуу чечим кабыл алуусу үчүн жетиштүү убакыт деп эсептейм. Буга байланыштуу Өкмөттүн сунушун колдойм. АЭСти куруу маселеси боюнча жалпы улуттук референдум үстүбүздөгү жылдын 6-октябрында өтөт, бүгүн мен тиешелүү жарлыкка кол коём", - деди ал.

Казак башчысы мүлктү мамлекетке кайтаруу боюнча комментарий берип, олигархтарды "ар бир теңге үчүн соодалашпоого" чакырды. Жана да өз каалоосу менен келип Өкмөт жана Башкы прокуратура менен сүйлөшүү керектигин эскертти. Ошондой эле мыйзамсыз байып, тапкан каражаттары менен мектеп, бала бакча, стадион, ооруканаларды жана ушул сыяктуу курулуштарына бөлүшүп, бийликтин “алтын тизмесинде” калууну сунуштады.

Токаев акча үчүн өлкөдө араздашууну козутууга аракет кылып жаткан чагымчылар тууралуу да айтты. Ал мындай аракеттердин баары ишке ашпай турганын, анткени Казакстан коомчулугу ынтымактуу экенин белгиледи.

“Казакстанда мыйзам жана тартип өкүм сүрүшү керек. Бул коомдук жана жеке коопсуздукту камсыз кылуунун негизги багыты. Ушундай жол менен гана адилеттүү, таза жана коопсуз Казакстанды түзүүгө болот”, - деди Казакстандын президенти.

Сөз арасында кылмышкерлер менен күрөшүү, алдамчыларды аныктап жазаны берүү, эл арасында, мектептерде каржы сабаттуулугу менен санариптик гигиена боюнча билимди жогорулатуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Ошондой эле ирригациялык системалар жана жалпысынан суу тармагы менен алектенүүнү айтып жатып, Казакстан өткөндөн сабак алып, түрдүү жагдайларга даяр болушу керектигин эскертти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан