Бүгүн, 3-сентябрда Акылбек Жапаров Ички иштер министрлигинин бөлүмдөрүнө жүз жаңы кызматтык автоунаа тапшырды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
"Бүгүн биз Ички иштер министрлигинин потенциалын күчөтүү боюнча маанилүү кадам жасап жатабыз. Бул Ички иштер министрлигинин ишин эффективдүү кылат жана эң негизгиси жарандардын коопсуздугун камсыздайт", - деген Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров ИИМге тапшырылган унаалар Кыргызстанда чыгарылганын жана заманбап жабдуулар, анын ичинде байланыш, навигация, видео жазуу системалары менен жабдылганын кошумчалады. Бул бул иш сапатын жана Ички иштер министрлигинин ыкчам чара көрүүсүн жакшыртат.
Өз сөзүндө Акылбек Жапаров 2021-жылдан бери министрликтин автопаркы үч жылда 90 пайызга жаңыланганын, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин эмгек акысы эки эсеге, Баткен облусунда кызмат өтөгөн кызматкерлердин эмгек акысы төрт эсеге көбөйгөнүн белгиледи.