Өлкөдө 9 айда "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмдөр үчүн 388 977 миң сом суммасында каржыланды. Бул тууралуу бүгүн, 3-сентябрда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Ага ылайык, төлөмдөр 96 миң 934 балага түшкөн.
“Балага сүйүнчү” бир жолку төлөмүнө арыз берүү үчүн Калкты тейлөө борборлоруна же жарандык абал актыларын каттоо органдарына кайрылуусу керек. “Балага сүйүнчү” бир жолку төлөмүн алуу үчүн арыз бала төрөлгөн күндөн тартып алты ай ичинде тапшырылуусу абзел", - деп айтылат маалыматта.
"Балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүн алуу үчүн керектелүүчү документтер жеке паспорт жана баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк. Жарандар арыз толтурууда уюлдук телефон номерди туура көрсөтүүсү зарыл.